1-сентябрда Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын кезектеги сессиясы ачылып, парламент жайкы эс алуудан кийин ишин баштайт. 30-июнда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жетинчи сессиясы ишин аяктаган.
Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышты.
Август айында алар эмгек өргүүсүнө чыгышты. Быйыл парлементтин эс алуусу пандемиянын күчөп турган учуруна туш болду.