Жаңылыктар
Борбордун жолдорун оңдоо - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Борбордун жолдорун оңдоо - Кыргызстан жаңылыктары

Бишкектин Ленин районуна караштуу Пушкин жана Бобулов көчөлөрү капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатат. Жолдун эки тарабы кеңейтилип, эми бул жерде Ош базарга келгендер үчүн унаа токтоочу жай пайда болот. Жол куруу жумуштары менен бирге суу өтүүчү куурлар жаткырылууда. Бул иштер келерки айдын аягына чейин бүткөрүлөт.

Шаардын Белорусская, Аэропорт жана Аул сыяктуу бир нече көчөлөрүнө асфальт төшөлүп, жол салуу иштери 90% га аткарылды. Муса-Жалил, Усенов, Ибраимов көчөлөрү да оңдолду. Осмонов көчөсүнүн 280 метр бөлүгүндө жолду түптөө жумуштары бүтүп, тратуарлар гана калды. Биринчи май району боюнча 1 чакырым, 880 метр жол оңдолгон. Бул Кокчетавская, Түлөбердиев, Тыныстанов жана Ашхабат көчөлөрү.

Муниципалдык ишкана быйыл жалпы узундугу 8 чакырым болгон 15 көчөнү, 4 тратуар жана 7 веложолду оңдоону мерчемдеген. Бүгүнкү күндө анын 6 чакырымы оңдолуп, асфальт басылды. Жол салуу жумуштары жыл аягына жүргүзүлөт.