Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан үйдө 2 адам көмүр кычкыл газына ууланган. Бул тууралуу 28-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
ӨКМнин маалыматы боюнча, алар 88 жаштагы эркек киши жана 90 жаштагы аял болгон. Азыр абалы туруктуу деп бааланууда.