Жаңылыктар
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 725 млн куб метрди түздү
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 725 млн куб метрди түздү

Бүгүн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 725 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасы кабарлады. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 497 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 296 куб метрге жетет. Суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Активдүү мезгили болуп май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.