Жаңылыктар
Өлкөдө жол кырсыктарынын саны көбөйүүдө - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө жол кырсыктарынын саны көбөйүүдө - Кыргызстан жаңылыктары

Өлкөдө жол кырсыктарынын саны көбөйүүдө. Буга байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жалпы жарандарга кайрылуу жасады. 

Жол кырсыктарына ылдамдык, ашып өтүү, карама-каршы тилкеге чыгуу, аралыкты сактоо, жөө адамдар өтүүчү жайлардан туура эмес өтүү, спирт ичимдигин жана баңгизаттарды колдонуп алып унаа башкаруу себеп болууда. 

Ошол эле учурда бир эле айдоочулар эмес, жөө жүргүнчүлөр да эреже сактабайт. Аны менен бирге кырсыкка жолдордун абалы дагы сөзсүз таасирин тийгизип жатат. Жол кырсыктарына каршы туруу жалпы коомчулуктун жана ар бир жарандын жоопкерчилиги.