Жаңы 100 газ автобусу келгенден кийин Бишкектеги 14 кичи автобустун каттамы өзгөрөт. Бул тууралуу шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Сатыбалды Хакимов бүгүн шаардык мэрияда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, 14 кичи автобус каттамы Бишкек шаарынын борборун айланып өтөт.
Азырынча газ менен жүрүүчү автобустар качан алынып келинери белгисиз.