Жаңылыктар
Батукаевдин чуулгандуу иши боюнча эки адамга соттун өкүмү чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Батукаевдин чуулгандуу иши боюнча эки адамга соттун өкүмү чыкты

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишине катышкан эки адамга мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевага жана атайын прокурордун экс-орун басары Кубатбек Жуматаевге өкүм чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Динара Сагынбаева менен Кубатбек Жуматаев коррупцияга катыштыгы бар деп күнөөлүү табылганы такталды. Эки айыпталуучу тең тергөө иштери менен келишим түзгөндүктөн, сот алардын ар бирине 260 миң сомдон айып пул салган.

Кылмыштуу топтун  башчысы Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча 19 адам айыпталууда. Булар соттолгон адамга диагноз койгон врачтар жана лаборант, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү жана мурунку мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев баш болгон жогорку кызматтагы адамдар. 14 айыпталуучу тергөө иштери менен келишим түзгөндүктөн алардын иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүндү. Ал эми Алмазбек Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылды.