Жаңылыктар
Бишкек: мектептердеги окуучулардын бештин бири жарды үй-бүлөлөрдөн
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек: мектептердеги окуучулардын бештин бири жарды үй-бүлөлөрдөн

Бишкек шаарындагы мектептердеги окуучулардын дээрлик бештен бири социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдөн.

Бул тууралуу мугалимдердин августтагы онлайн конференциясында борбордук мэриянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Элмира Иманалиева билдирди.

Анын айтымында, шаардагы бардык мектептерде мектеп окуучулары үчүн социалдык паспорт түзүлдү. Анда  2019-2020-окуу жылында социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдарынын жалпы саны 36 миң 56 адамды (22 пайыз) түздү, анын ичинде жетим балдар - 390, жарым жетимдер - 5 миң 300, жакыр үй-бүлөлөрдөн - 3 миң 110, аз камсыз болгондордон - 2 миң 537, мигранттардын балдары - 5 миң 520.

"Бул балдар жана алардын ата-энелери, расмий өкүлдөрү менен жекече консультациялык иштер, тренингдер өткөрүлүп, кризистик кырдаалда конструктивдүү жүрүм-турумду үйрөтүүгө багытталган маалыматтык-билим берүүчү программалар иштелип чыккан", - деп белгиледи Элмира Иманалиева.

Ата-энесинин камкордугусуз калган 200 жетим бала №71 мектеп-интернатында соттун чечими менен окуп жаткандыгын маалымдады. Мекемеде жергиликтүү бюджеттин эсебинен жашоо, билим алуу жана тарбиялоо үчүн шарттар түзүлгөн.