Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн Россия Федерациясындагы чет элдик өкүлчүлүктөрүн, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Москвадагы элчилиги, Санкт-Петербургдагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин кеңсеси, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург жана Новосибирск шаарларындагы башкы консулдуктары, мекенине кайтуу үчүн чартердик рейстерге аттанган жарандардын тизмесин түзүүнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Бул тууралуу Россия Федерациясындагы биздин дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти.
Кыргызстан жана Россиянын "Авиа Траффик", "Аэрофлот", "Сибирь", “Тез Жет”, "Уральские Авиалинии" авиакомпаниялары пландаштырылган каттамдарга авиабилеттерди расмий кассаларда сатуунун же авиакомпаниялардын расмий сайттарынан онлайн сатуунун негизинде өз алдынча сатуу укугуна ээ болушту.
2020-жылдын 27-августунан тартып, Кыргызстандын бардык жарандары элчиликке кайрылбастан, билеттерди кассалардан же “Авиа Траффик”, “Аэрофлот”, “Сибирь”, “Тез Жет” авиакомпанияларынын расмий сайттарынан онлайн сатып алуу аркылуу үйүнө учуп кете алышат.
Бүгүнкү күндө аталган авиакомпаниялардын Бишкек жана Ош шаарларына каттамдары Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан жүргүзүлүп жатат.