Жашы өтүп, улгайып калган Калыбек Исаков аттуу жаран белгисиз адамдан таяк жеп, эки күн өткөн соң ооруканага жардам сурап кайрылган. Сабалган кишинин айтымында, чылым алып дүкөндөн чыгып келе жатып соокку алган. Бул тууралуу өлкөдөгү телеканалдардын бирине жабырлануучунун жакындары кабарлаган.
«Мени белгисиз эле бир адам уруп жиберет деп ойлогон эмесмин. Чылым алып дүкөндөн чыгып келе жаткам, күтүүсүздөн эле көз тарапка катуу сокку алып кулап түштүм. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй да калдым. Дүкөндүн сатуучусу унаа менен мени үйгө жеткирди», - дейт Исаков.
Пенсионердин туугандарынын билдирүүсүндө, ал үйүнө оор абалда келген.
«Үйгө сабалган, оор абалда келди. Эки күн үйдө ооруп жатты, анан бизден оорукана жеткирүүнү сурады. Ооруканадан дарыгерлер көрүп, буту сынганын, бирок улгайган адам болгондуктан оорканага жаткырууга болбой тургандыгын айтышты», - дейт жабырлануучунун күйө баласы.
Учурда Калыбек Исаковдун Россияда жашап иштеп жүргөн беш уулу бар.
«Азыр мени кызым карап жатат. Чындыгында эркек уулдарга караганда кыз жакшы жана жакын болот экен ата-энеге. Уулдарым менин абалымды сурап да коюшкан жок. Мага алардын акчасынын кереги жок», - дейт жабырлануучу.