Өзгөчө номерлерди сатуудан өлкө бюджетине 2,4 млн сом каражат түштү. 2016-жылдан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" ишканасы унааларга жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номурларды берет.
Унаалар үчүн өзгөчөлөнгөн номурлар аукционсуз сатылып, ар бири 100 миң сомго бааланат. Андан түшкөн каражат толугу менен мамлекеттик бюджетке түшөт. Жарандарды кызыктырган номерлердин арасында 01KG AMG, 01KG LEXUS, 01KG VIP01, 01KG CRUISER жана 01KG KING номерлери бар.