Жаңылыктар
Эмил Осмонбетов: Алдыдагы күз-кыш мезгилинде электр энергиясы өчүрүлбөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Эмил Осмонбетов: Алдыдагы күз-кыш мезгилинде электр энергиясы өчүрүлбөйт

Кыргызстанда алдыдагы күз-кыш мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип, өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы Эмил Осмонбетов "Биринчи радионун" түз эфиринде берген маегинде билдирди.

Осмонбетовдун пикиринде, "Электр станциялары" компаниясы тарабынан электрди чектөө боюнча маселе каралган эмес. 

Мекеменин жетекчиси маалымдагандай, каржылык көйгөйлөргө карабастан, учурда өлкөнүн бардык облустарындагы энергетика секторунун обьектеринде график боюнча оңдоо иштери жүрүп, даярдыктар көрүлүүдө.