POST1RIGHTБорбордук шайлоо комиссиясы "Кыргызстан" партиясынын документин артка кайтаруу чечимин кабыл алды. БШКнын жумуш тобу "Кыргызстан" партиясы документ тапшыруу жараянында эреже бузган деп тапты. Мыйзам боюнча Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алуу 24-августта саат 18:00дө токтотушу керек болчу. "Кыргызстан" саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун чечиминин үстүнөн сотко кайрыларын билдирди.