Жаңылыктар
Кыргызстан-Өзбекстан: чек ара маселеси боюнча эки тараптуу жыйын өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан-Өзбекстан: чек ара маселеси боюнча эки тараптуу жыйын өтөт

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери 85 пайызга аткарылды. Бул тууралуу вице-премьер министр Акрам Мадумаров "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди. 

"Эки өлкө ортосундагы чек ара меселелерин толук чечүү боюнча сүйлөшүүлөр кайрадан жанданат. Ал үчүн эртең 26-августта Өзбекстан тарап менен жыйын өткөрүү күтүлүүдө",- деди вице-премьер.

Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялообоюнча иштер дагы жанданарын вице-премьер министр белгиледи. 

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин "Биринчи радиого" берген маегинде Кыргызстан коңшу Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрү менен чек ара меселелерин чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү тынымсыз жүргүзүп жатканын айткан. Өлкө башчы чек ара маселесин чечүүдө, биринчи кезекте мамлекеттердин кызыкчылыктары эске алынышы шарт экенин белгилеген.