Жаңылыктар
Ички иштер министрлигинин коопсуздук аскер кызматына 79 жыл - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Ички иштер министрлигинин коопсуздук аскер кызматына 79 жыл - Кыргызстан жаңылыктары

Ички иштердин коопсуздук аскер кызматы түзүлгөнүнө быйыл 79 жыл толду. 1941-жылы негизделген бул кызмат 79-жылдык маарекесин эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өзгөчө шартта белгилеп жатат. 

Салтанатуу иш-чарада Ички иштердин коопсуздук аскер кызматынын башкы командачысы Исламбек Кенжекулов сөз сүйлөп, кызматтын өздүк курамын кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле түзүмдүн аскердик даярдыгын, жогорку профессионализмин, өз милдеттерин ак ниет аткаруудагы жетишкендиктерин баса белгиледи. Кызматтык ишин аткарууда өзгөчөлөнгөн аскерлер медаль, грамота жана башка баалуу белектер менен сыйланышты. 

Иш-чара андан ары Ички иштер министрлигинин аскердик оркестри жана башка эстрада ырчыларынын коштоосундагы концерттик программа менен уланды. Эскерте кетсек Ички коопсуздук аскер кызматынын негизги милдети - коомдук жайларда тартипти сактоо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоо.

"2016-жылы 24-августка ички аскер күнү деп белгиленген. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Улуттук гвардия курамына кошулдук. 2018-жылы кайра бөлүп чыгуу боюнча жарлык чыккан. Быйыл эпидемиологиялык кырдаалда аймактарда иштеп жатышат",- деди Ички иштер министрлигинин коопсуздук аскер кызматынын башкы командачысы Исламбек Кенжекулов.