Алтынбек Маматов Ленин районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин ал Октябрь районунун башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Ленин районунун билим берүү борборунун директору Айзада Джунусова ушул эле райондун башчысынын орун басары кызматына которулган. Ал буга чейин райондук администрацияда 14 жыл иштеген.
Борбордун биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев Ленин районунун жаңы жетекчилерин акимчиликтин кызматкерлерине тааныштырды.