Укук коргоо органдары тарабынан "вертолеттон белгисиз зат абага чачылууда" деп жалган маалымат тараткан жарандар изделүүдө. Бул тууралуу, Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. ӨКМ бул маалыматты четке кагып, жарандарды жалган маалымат таратпоого үндөдү.
Басма сөз кызматы билдиргендей, Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматы жалган маалымат тараткан адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Милиция жалган маалыматтарды таркатпоону жана дүрбөлөңгө түшпөөнү сунуштайт.
Ички иштер министрлиги кылмыш жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 344-беренеси боюнча кылмыш ишине тартыларын эскертет.