2020-жылы маал-маалы менен жарык өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу Өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Эмил Осмонбетов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтуусунда, "Электр станциялары" ишканасы тарабынан электр энергиясын жеткирүүдө эч кандай чектөөлөр жок.
Тиешелүү бөлүм башчысы каржы көйгөйлөрүнө карабастан, энергетика тармагындагы объектилерде оңдоо иштери жүрүп жаткандыгын айтып өттү.
Капиталдык оңдоо иштери график боюнча жүрүп жатат. Учурда текшерүү Нарын жана Ысык-Көл облустарында жүрдү. Жакынкы аралыкта Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарындагы объектилерди текшерүүгө пландалууда.
Белгилей кетсек, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2020-жылдын 24-августуна карата 14,666 миллиард кубометрди түзөт.
Мындан бир жыл мурун суу сактагычтагы суунун көлөмү 16 миллиард 912 миллион кубометрди түзгөн.