Өмүрүн өлкөнүн энергетика тутумунун өнүгүшүнө арнап, он эки баланы тарбиялап өстүргөн "Баатыр эне" Саткынбүбү Нааматова дүйнөнү каптаган тумоонун курмандыгы болду. Өпкөнүн эки тараптуу сезгенишинен ооруканага түшкөн "Баатыр эне" жарым айдан кийин каза болду.
Саткынбүбү Нааматованын эмгек жолунун башаты энергетика тармагынын түптөлүп жаткан учуруна туш келди. Нарын облусунда “Кочкор” ГЭСинде үйрөнчүктөн баштап, кызматтан көтөрүлүп тажрыйба топтогон Нааматова 1965-жылы жаңы курулган “Чолпон” жогорку чыңалуу көмөкчү чордонунда нөөмөтчү электромонтер болуп эмгектенген. Көмөкчү чордондогу ол кездеги заманбап орнотмолорду, айрыкча релелик коргоочу аппараттарды өздөштүргөн алгачкы кыргыздан чыккан аял электриктердин бири болгон.