Кыргызстанда эпидемиологиялык абалдын жакшыра баштаганы байкалууда. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, соңку бир күндө 345 адам COVID-19 илдетинен айыгып чыкты. Эми алар дагы эки жума үйдө карантинде болушат. Бейтаптар ооруканада дарыланып жатып, медициналык жардам гана эмес, ошондой эле психологиялык жактан да жардам алды.