Жаңылыктар
Бишкек: вице-мэр Мирлан Амантуров кызматтан кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек: вице-мэр Мирлан Амантуров кызматтан кетти

Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров кызматтан кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды. Белгилегендей, ал «Мекеним Кыргызстан» партиясынан парламенттик шайлоого катышуу чечимин кабыл алган.

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта топтогон тажрыйбамды өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн колдоно алам деп ишенем. Тургундар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү үчүн бардык аракетибизди жумшадык. Ушул убакыт аралыгында биз борбордо жаңы парктарды, жолдорду, тротуарларды, велосипед жолдорун, көчө жарыктандыруу боюнча ири долбоорлорду иштеп чыктык. Бул жооптуу кызмат мен үчүн чоң тажрыйба болду” деди.

Мирлан Амантуров кошумчалагандай, вице-мэр болуп 2019-жылдын октябрь айынан баштап иштеп келген.

Эскерте кетсек, буга чейин Татьяна Кузнецова Бишкек шаарынын вице-мэринин кызматынан кеткен. Азыркы учурда  «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесине кирди.