Бишкектеги Жал кичи районунда 52 видео камера орнотулду. Бул тууралуу Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, камералар аркылуу аталган райондогу абалды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
“Бул кичи райондогу кырдаалды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Жашоочулардын коопсуздугу үчүн камералар орнотулган. Бул дагы милициянын жумушун жеңилдеткен нерсе. Ленин районундагы эң көйгөйлүү аймак - Ош базарынын жана анын айланасындагы кылмыштуулук көп экендигин белгилей кетким келет. Өткөн жылы ошол аймакка 10 видеокамера орнотулган, алардын экөөсү тегерек адамдын жүзүн таануу функциясы менен иштейт.
Статистика боюнча, камералар кылмыштын бетин ачууга жардам берип, көрсөткүчтөр 40% га жакшырганын белгиледи.