Ошто Араван каналынан чөгүп кеткен эки баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
20-августта Туран кичи районунда сегиз жаштагы эки бала каналга түшүп кеткендиги аныкталган. Балдарды издөө иштерине 22 куткаруучу тартылган.
"Балдардын денелери туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти ӨКМден.