Жаңылыктар
Жалал-Абад - Исфана аба каттамы август айынын аягында ачылышы мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад - Исфана аба каттамы август айынын аягында ачылышы мүмкүн

Баткен аэропорту аркылуу Жалал-Абад - Исфана аба каттамын август айынын аягында же сентябрдын башында ачуу маселеси каралууда.

Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев "Ала-Тоо 24түн" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, азыр авиакомпаниялар даярданып жатышат. "Биринчи этапта жумасына бир жолу учуу болот, андан кийин ал көбөйөт" деди.

 Агенттиктин жетекчисинин айтымында, бүгүнкү күндө ички каттамдарды 2 компания аткарат: Tez Jet жана Avia Traffic. “Учурда Бишкек-Ош-Бишкек каттамдары күнүнө 2-3 жолу жүрүп жатат.