Кыргызстан Россия менен сентябрь айынан баштап 4 шаар менен туруктуу каттамдарды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев "Ала-Тоо24түн" түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанга келгендердин негизги көлөмү Россияга туура келет.
“Биз Россиянын 4 шаары: Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург менен каттамдарды калыбына келтирүү маселеси боюнча иштеп жатабыз. Бирок туруктуу рейстер сентябрь айында ачылышы мүмкүн ”, - деди ал.
Агенттиктин директорунун айтымында, Казакстан менен дагы маселе иштелип чыгууда, ошондой эле сунуштар Кувейт менен Өзбекстанга жөнөтүлдү.
«Түркияга жана Бириккен Араб Эмираттарына 10-августтан баштап аба каттамдары ачылды», - деп кошумчалады К. Акышев.