Пандемияга карабастан Бишкекте дагы бир жаңы парктын курулушу улантылууда. Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде “Жеңиш” паркына каршылаш жайгашкан эс алуу жайынын аянты 10 гектарды түзөт.
Азыркы учурда, үч фонтан түзүлүп, бетондолуп, электр тармактары, суу түтүктөрү жана канализация орнотулган. Парктын кире бериши тургузулуп, үч коомдук даараткана бүттү.
Курулуштун баасы 74 миллион 700 миң сомду түзүп, жумуш шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.