Былтыркы окуу жылында контейнерден тургузулган мектепте балдарды кабыл алган Нарын районунун Кеңеш айылындагы билим уясынын ордуна жаңы мектеп курулат. Президент Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында 150 окуучуга эсептелген орто мектептин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.