Жарандарды жашаган жеринде каттоонун эрежелери өзгөртүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы маалымдайт.
Министрликтин айтымында, кызматтарды оптималдаштыруу жана даректердин массалык түрдө өзгөрүлүшүнө жол бербөө максатында, өкмөт туруктуу жашаган жеринде каттоодо турган адамдын графикалык сүрөтүнүн негизинде жарандарды аныктоону чечти.
Ошол эле учурда, каттоодо турак-жай имаратында 10дон ашык жаран (жакын туугандарын эске албаганда) аныкталган учурларда, жергиликтүү бийлик органдарына, милицияга жана аймактык шайлоо комиссияларына маалыматтык билдирүүлөрдү жөнөтүү сунушталат.
Мындай иш-чаралар 12-апрелде өткөрүлө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо алдында айрым шаарларда каттоо эсептерин өзгөрткөн жарандардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу келип чыккандыгы аныкталды. Бирок коронавирустук пандемияга байланыштуу алар белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
Документке премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон. Расмий жарыялангандан кийин, 15 күндөн соң күчүнө кирет.
Жобонун негизинде жарандан жана туруктуу жашаган жеринде каттоого мүлк ээсинен арыз түшкөндө, Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо бөлүмүнүн аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери Face ID технологиясын колдонуп, жүздүн графикалык сүрөтүнүн негизинде талапкерлерди аныктай башташат. Турак –жайдын менчик ээси жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын даректеринин реестринде тактыкталат.
Мамлекеттик кызмат белгилегендей, эгерде ишенимдүү адам арыз ээсинин же кыймылсыз мүлк ээсинин атынан арыз берсе, анда анын идентификациясы адамдын графикалык сүрөтүнүн негизинде жүргүзүлөт.
Эсиңиздерге салсак, ушул жылдын февраль – март айларында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо пландаштырылган беш шаардын үч шаарында чет жакадан келген жарандардын массалык кыймылы болгон. Бирок Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери келгендерге жаңы жашап турууга уруксаты бар ID-карталарын тапшырып, сөгүш алышкан. Башкы прокуратура сотко чейинки процессти аягына чыгарган жок.