Бишкекте карантиндик чектөөлөр жеңилдетилип, 20-августтан тарта коомдук транспорттун иш убактысы узартылды.
Эми автобус, троллейбус жана микроавтобустар дем алыш күндөрү жана майрам күндөрү да ишин жандантат. Бишкек шаардык мэриясынын тараткан маалыматына ылайык эми коомдук транспорттун чектелүү иш сааты сакталуу бойдон калат.
Эртең менен 7:00дөн 11:00гө чейин, түштөн кийин 14:00дөн кечки 23:00гө чейин жүрөт. Саат 11ден 14:00гө чейинки аралыкта коомдук транспортторду дезинфекциялап, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт.