Жаңылыктар
Бишкектеги тамактануучу жайлардын иштөө графиги өзгөрдү - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги тамактануучу жайлардын иштөө графиги өзгөрдү - Кыргызстан жаңылыктары

Бишкектеги кафе, ресторандар жана башка тамактануучу жайларга эртең мененки саат жетиден түнкү 12ге чейин иштегенге уруксат берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматка караганда супермаркет, соода борбор, соода үй комплекстери, дүкөндөр тармагы мурункудай эле эртең мененки саат 07:00дөн түнкү 00:00гө чейин иштешет. Сейил бактарда сейилдөөгө киргизилген чектөөлөр алынып, велосипеддерди ижарага берүү ишмердүүлүгүнө да уруксат берилди. Бирок, тойкана жана көңүл ачуучу жайлардын иштөөсүнө уруксат бериле элек.