Кара-Көл шаарынын аскер бөлүгүнөн качып кеткен жоокелер беш күндөн бери күзөтчү жайда отурушат. Мындай чечим 17-августта Жалал-Абад шаардык соту тарабынан кабыл алынган.
Тергөөнүн жүрүшүндө аскер кызматкерлери алардын качып кетишине жакындарын сагынгандыгы менен түшүндүрүшкөн. Алар менен эч кандай мушташ, акча талап кылуу сыяктуу учурлар катталган эмес.
Эскерте кетсек, июнь айында Кара-Көл шаарында төрт жоокер аскер бөлүгүнөн качып кетишкен. Алардын экөө Таш-Көмүр шаарынан, бири Ош облусунун Кара-Кулжа районунан, экинчиси Жалал-Абад облусунун Акчы районунан чакыртылган.