Бүгүнкү күнгө чейин 65 адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, алардын ичинен 26сы балдар.
2019-жылы ушул мезгилге чейин сууга 129 адам чөгүп кеткен. Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл сууга байланышкан кырсыктар азайды. Ошентсе да, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түшүндүрүү иштерин күчөттү. Ал эми куткаруучулар сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерде түшүүгө тыюу салат. Ата-энелерди жаш балдарды кароосуз калтырбай, өзгөчө көңүл бурууга чакырат. Ошону менен катар чоң адамдарды балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салат. Көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан жана кайыктан сууга секирүүгө болбой турганын эскертет.
"Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, акырын шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат",- деп эскертти ӨКМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Элмира Шерипова.