Быйыл Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражатка 3 мектеп курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражатка жалпы 15 мектеп куруу пландалууда. Долбоордун жалпы суммасы 1 млрд 199 млн сомду түзөт. Тендердик баасы - 851млн 900 миң сом. Бардык объекттердин долбоордук-сметалык документтери даярдалып, курулуш-монтаж иштерине сынактар өткөрүлгөн. 15 мектепте тең курулуш иштери башталган. 2019-жылы курулуш иштерине 285 млн сом бөлүнгөн.
Быйыл 3 мектептин курулушуна 110 млн 900 миң сом каралган. Бул жылдын аягына чейин 3 мектептин курулуш иштерин аяктоо пландалууда.