Президенттин аймактарга болгон жумуш сапарлары уланууда. Мамлекет башчысынын Нарын облусуна болгон эки күндүк сапары бүгүн Кочкор районунан башталды.
Өлкө башчы аймактагы өндүрүш ишканаларын кыдырып, суткасына 20 тоннага чейин сүттү кайра иштеткен сүт заводунун иши менен таанышты. Калк турмушун жакшыртууга багытталган социалдык объектилердин курулушун көрдү.
Кочкор районундагы ирригация долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшүнөн кабар алды. Өлкө башчынын облуска болгон жумуш сапары тууралуу Амантур Шергазиев айтып берет.