Жаңылыктар
Балыкчы шаарында каржы пирамидасын уюштургандагы үчүн жети жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчы шаарында каржы пирамидасын уюштургандагы үчүн жети жаран кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан Балыкчы шаарында каржы пирамидасын уюштургандагы үчүн жети жаран кармалды. Тергөөнун алдын ала маалыматы боюнча, алар мыйзамсыз 10 миллион сомдон ашык пайда көрүшкөн. Кармалган жарандарга Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 214 беренеси (Каржы пирамидаларын уюштуруу) менен шектелип жаткандыгы боюнча билдирме берилди.

Каржы пирамидасы боюнча маалыматты милицияга алданып калган жабырланычуулар билдирди. Алардын айтымында, Балыкчы шаарында орун алган «Ырыскы» жана «Ак-Куу» каржы мекемелери ири пайызда үстөк төлөп берерин убадалагандан улам, аталган мекемелерге акча каражаттарын салышкан.

Бардык түшкөн арыздар Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмыштын оордугун жана анын кесепетинен келтирилген зыяндын өлчөмү ири болгондуктан, андан тышкары тез аранын ичинде кылмыштын бетин ачуу максатында Ысык-Көл ОИИБдин жана Балыкчы ШИИБдин тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен турган тергөө-ыкчам тобу түзүлөт.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында каржы пирамидасын уюштурушкан жарандардын өздүктөрү аныкталган. Алар, Балыкчы шаарынын 27-жаштагы Т. Зульфия, 28-жаштагы А. Алина, 38-жаштагы А. Жазира, 31-жаштагы Т. Чынара, 35-жаштагы Б. Асель, 51-жаштагы Б. Гүлмира жана 55-жаштагы Ө. Атыркүл болуп чыгышып, милиция кызматкерлери тарабынан кармалышкан.

18-август күнү соттун чечими менен кылмышка шектүү аялдар 2-айга камак алынышты.

Милиция кызматкерлери белгилегендей, каржы пирамидасынын уюштуручуулары, көбүрөк кардарларды өздөрүнө тартуу үчүн, жаӊы тартылган кардарлардын эсебинен түшкөн акча каражаттарын алгач сүйлөшкөн пайыздык өлчөм менен төлөп келишкен. Андан кийин төлөмдөрдү токтотуп салышкан.

Бүгүнкү күндө, эки каржы пирамидасы боюнча 143 арыз катталып, анын ичинен 132 тергөө жана 11 жоруктар багыттары боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө. Бирок, алданып калган кардарлардан арыздар дагы да түшүүдө.