Компьютердик оюндар адамдын аң-сезимине терс таасирин тийгизет, айрыкча, өспүрүм курактагылар үчүн кооптуу болуп саналат. Учурда эң белгилүү тармактык оюндардын бири делген PUBG (PlayerUnknown’s Battlegrounds) оюнуна азгырылгандар басымдуу. Статистика боюнча дүйнө жүзүндө 3 миллиарддан ашык адам компьютердик оюндарды ойнойт. Бул оюндардын коркунучу эмнеде жана кимдерде көз каранды болуп калуу коркунучу бар?
Асхат Баетов учурунда тармактык оюндарды ошол эле мезгилде белгилүү PUBG оюнун аябай кызыгуу менен ойногон. Анын айтуусунда бул жөн гана кызыгуу болбостон бара-бара кумарга да айланып кеткен. Азыр бул оюндан алыстоого аракет жасап жаткандыгын айтат.
“Бир учурларда убактымдын көпчүлүк бөлүгүн компьютер клубдарында өткөрүп калгам. Бирок азыркы учурда дүйнөгө жаңыча көз караш менен карап, геймерлердин жашоосунан да башка жашоо бар экенине көзүм жетти. Учурда жашоо тартибимди өзгөртүп оюндан китеп окууга өттүм. Албетте, башында кыйын болду. Оюндун кумарынан арылууга болгон аракетимди жумшап жатам”,- А.Баетов.
Асхатка окшоп үйдө же болбосо коюмпьютердик клубдарга барып, убактысын оюндарга коротуп отургандар аз эмес. Анан калса азыркы интернет заманында чөнтөк телефон аркылуу тармактык оюндарга берилүүдө. Алардын арасында үй-бүлөсү менен болгон мамилени начарлатып алгандарды дагы кездештирүүгө болот. Учурда балдарын бул көйгөйдөн чыгара албаган ата-энелер да бар. Эки баланын апасы Акмөөр Атантаева баланы интернеттен жана тармактык оюндардан күч колдонуу менен чектеп коюу мүмкүн эместигин айтты.
“Бир учурларда убактымдын көпчүлүк бөлүгүн компьютер клубдарында өткөрүп калгам. Бирок азыркы учурда дүйнөгө жаңыча көз караш менен карап, геймерлердин жашоосунан да башка жашоо бар экенине көзүм жетти. Учурда жашоо тартибимди өзгөртүп оюндан китеп окууга өттүм. Албетте, башында кыйын болду. Оюндун кумарынан арылууга болгон аракетимди жумшап жатам”,- А.Атантаева .
Компьютер адам жашоосунда пайда болушу менен виртуалдык реалдуулук деген кошо пайда болгон. Учурда дагы оюндардын түрү күн санап өсүп жатат. Укмуштуудай атайын эффектери менен сюжеттер үч жана беш өлчөмдүү графикалар жаш өспүрүмдөрдү гана эмес улуу муундагы адамдарды да өзүнө тартып турат. Күн сайын геймерлердин саны өсүп келет. Көп адамдар тармактык оюндарды ойноо менен бир күндүк убактысын кетиришет.
Адистер белгилешкендей, оюнду туура жана тиешелүү убакта ойноо менен анын таасирлерин азайтууга болот. Ал эми адамдын аң-сезимине терс таасир тийгизе турган атышуу, уруп-согуу, киши өлтүрүүгө багытталган оюндарды чеги менен ойноо керектигин психологдор эскертишет. Психолог Бегайым Борбиева компьютердик оюндарды ойноо айрыкча өспүрүмдөргө көбүрөөк терс таасирин тийгизээрин айтты.
“Балам негизи компьютердик оюндарга абдан кызыкчу. Кызыгуудан улам берилүүсү күчөп кетти. Оюндарсыз тура алчу эмес. Бирок, карантин убагында үй-бүлөбүз менен кызыктуу оюндарды ойноону, китеп окууну салтка айландырып алдык. Аталган нерселер менен биз балабызды аз убакыт ичинде виртуалдуу дүйнөдөн чыгарып алдык. Акыркы учурларда көзү кызарып чыкчу болду. Бул көрүнүш ыкчам чечим кабыл алууга түрткү болуп, убакыт өткөрүүнүн башка жолдорун издөөгө өттүк. Азыр зарылчылык болсо бизден уруксат сурап отурат”,- Б.Борбиева.
Адистер балдарды компьютердик оюндарга көз каранды болуп калбаш үчүн үй-бүлө менен болгон мамилени чыңдоо зарыл экендигин сунушташат.
“Өспүрүм убакытта көпчүлүк менен тил табышуу оор болуп калат. Ата-энең менен сүйлөшө албай каласың. Ошол учурларда оюндарга берилип кетүү коркунучу бийик баскычта болот. Виртуалдуу жашоодо жашаган адам реалдуу жашоодо түнт болуп,сырткы чөйрөдө алака кылуусу начарлап калат. Оюндарда бардыгы оюнчуга баш ийгени менен жашоодо андай эмес. Бул адамды кыжырданууга алып келет. Жыйынтыгында баш оору, көздүн көрүүсүнүн начарлашына алып келет. Өткөөл курактагы балдарга адекваттуу мамиле жасоо жана колдоо абдан зарыл. Балдар менен көбүрөөк сүйлөшүү керек. Өзгөчө мындай учурларга ата-энеси сыртта миграцияда жүргөн балдар кабылууда”.
Компьютер оюндарына берилип кетүү ашыкча салмакты пайда кылып, жүрөк кан тамырларынын алсызданышына алып келет. Бул тууралуу Plos One журналы жарыялаган.
Ошондой эле виртуалдык оюнга берилгендердин канында холестерин көбөйүп, кант диабетин пайда кыларын изилдөөлөр көрсөткөн. Кошумчалай кетсек, DFCL ntelligence аналитикалык компаниясы видео оюндарды ойногон адамдардын так санын алуу максатында атайын изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы дүйнө жүзүндө тармактык оюндарды 3,1 миллиард адам ойной тургандыгын, алардын 53 пайызын Азия, 17 пайызын Европа жана 11 пайызын Латын Америкалыктар түзөрүн көрсөткөн.