Жаңылыктар
Өкмөт кафе, ресторан жана башка көңүл ачуу жайларын көзөмөлдөөнү күчөттү
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт кафе, ресторан жана башка көңүл ачуу жайларын көзөмөлдөөнү күчөттү

Өлкөдө кафе, ресторан жана башка көңүл ачуу жайларын көзөмөлдөө күчөтүлдү. Мындай чечим кабыл алууга чектөөлөргө карабай той-топурлардын өтүп жатканы себеп болду.

Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында айтылды. Жыйынга катышкан премьер-министр Кубатбек Боронов соңку күндөрү кафе-ресторандарда той өткөргөн учурлар көбөйүп жатканын белгиледи.

«Көпчүлүк коронавирусту тойлордон, куран окутуу иш-чараларынан жугузуп алууда. Акыркы учурда жергиликтүү бийлик органдарынын айрым жетекчилери кырдаалды жөнгө салууда бошоңдоп калганы байкалууда. Мындайга жол берилбеши керек. Өзгөчө күз-кыш мезгили босогодо турганда жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта жана ыкчам тартипте иштөө шарт. Биздин негизги милдет - ооруну азайтуу, өлүмдүн алдын алуу, бейтаптарга өзгөчө көңүл буруу», - деди Кубатбек Боронов.

15-17-августта баш калаада коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин чараларынын сакталышы боюнча рейд өткөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 20дан ашык кафе-ресторан менен клубга акт жазылып, протокол түзүлгөн.