Жаңылыктар
Инклюзивдик билим берүүнү ишке киргизүү маселеси талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Инклюзивдик билим берүүнү ишке киргизүү маселеси талкууланды

Вице-премьер-министри Аида Исмаилова аутизм менен жабыркаган балдардын ата-энелеринин «Рука в руке» коомдук бирикмесинин борборуна баруусунун жыйынтыгы боюнча БУУ майыптар укугу жөнүндө конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. 

Кеңешменин жүрүшүндө мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды коомго интеграциялоо, инклюзивдик билим берүүнү ишке киргизүү, медико-социалдык экспертизаны реформалоо, ден-соолугуна байланыштуу көйгөйдү эртелеп аныктоо программасынын жоктугу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды эмгекке орноштуруу маселеси талкууланды. 

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн эртелеп кийлигишүү программасын жана аталган балдар үчүн жеке ассистенттерди окутуу ыкмасын иштеп чыгуу, дарыгерлер үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энеси менен иш алып баруудагы психологиялык тренингдерди ишке киргизүү тапшырылды.