Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордуна талапкер жарандар эми жаңы ыкмадагы тестирлөөдөн өтүшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматы билдирди.
Ага ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматынын астындагы “Инфоком” ишканасы менен Мамлекеттик кадр кызматы биргеликте “Сынак тестирлөө” деп аталган жаңы компьютердик тестирлөө тутумун иштеп чыгышкан. Буга чейин кызматка келүүнү каалаган талапкерлер негизги жана предметтик тестти тапшырышса, эми талапкердин интеллектуалдык деңгээлин текшерүүчү логикалык суроолорду камтыган үчүнчү баскычы кошулду.
Ошондой эле талапкердин ордуна башка бирөө катышуусуна жол бербөө максатында кишинин биологиялык бет түзүлүшүн идентификациялоочу жаңы “FaceID” технологиясы киргизилген. Сынакка катышуу үчүн билдирме “Е-KYZMAT” системасы аркылуу ишке ашат. Эскерте кетсек жаңы тутум 2020-жылдын 1-августунда пайдаланууга берилген. Бүгүн, 18-август күнү алгачкы сынак өткөрүлүп, ага 30дан ашык киши катышты.
"Бардык мамлекеттик органдарда, региондордогу алардын түзүмдүк бөлүмдөрүндө жалпы 600 дөн ашуун объектилерде ишке киргизилген. Азыркы күндө 35 миңден ашуун мамкызматкердин маалыматтары санарипке өткөрүлгөн. Бул маалыматтык сиситема мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өтөөдөгү бардык процесстерди автоматташтырууга багытталган. Е-Кызмат аркылуу онлайн өтүнмө берет. Персоналдык индентификациялык номер берет, паспорт менен салыштырып, дал келсе киргизет. Адамдык субъективдүү факторун минималдаштыруу, ошондой эле мамлекеттик кадр кызматынын, мамлекеттик жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери менен түздөн-түз катнашын ылдыйлатуу негизинде жасалган. Мунун бардыгы коррупцияга каршы аткарылган маселелердин ичине кирет",- деди Мамлекеттик кадр кызматынын электрондук башкаруу бөлүмүнүн башчысы Индира Шаршенова.