Жаңылыктар
Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү маселелери талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү маселелери талкууланды

Президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Акрам Мадумаров менен онлайн кеңешме өткөрдү. Коронавирус пандемиясынын шартында өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү чаралары, ошондой эле Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелери талкууланды. Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Мамлекеттик чек ара тилкелеринде эскалацияга жол бербөө максатында жергиликтүү бийлик укук коргоо органдары менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Жакынкы мезгилге өзбек жана тажик тараптар менен вице-премьер-министрлердин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр мерчемделген. Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус пандемиясынын шартында кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин активдештирүүнүн маанисине токтолду. Коңшу элдердин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө үчүн элдик дипломатия ыкмаларын кеңири колдонуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы калкы катаал шартта жашап жаткан Баткен облусун өнүктүрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр менен колдоо көрсөтүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгиледи.

Ал бюджеттин тартыштыгына карабастан, Баткен облусун өнүктүрүү боюнча пландаштырылган бардык программаларды каржылоо толук көлөмдө улантыларын айтты.

“Баткен облусуна өзгөчө көңүл буруу керек. Калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация объектилерин реабилитациялоо жана салуу, мектептерди, ооруканаларды, жолдорду, медициналык мекемелерди, логистикалык борборлорду куруу боюнча маанилүү социалдык-экономикалык программаларды ишке ашыруу үзгүлтүккө учурабашы керек”, - деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.