Жаңылыктар
Унаа токтоочу жайлар дем алыш күндөрү бекер болот
Кыргызстан жаңылыктары
Унаа токтоочу жайлар дем алыш күндөрү бекер болот

Бишкектеги муниципалдык унаа токтоочу жайлар дем алыш жана майрам күндөрү акысыз болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан тарта Бишкектеги муниципалдык акы төлөп турган унаа токтотуучу жайларды уюштуруунун тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобого ылайык жүргүзүлөт.

Муниципалдык акы төлөп турган унаа токтотуучу жайдын иштөө режими дем алыш жана майрам күндөрүн кошпогондо, 8:00дөн 20:00гө чейин белгиленет. Биринчи 15 мүнөттө унаа токтоочу жай акысыз. Бирдиктүү тариф 25 сомду түзөт. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген (1-2-топтогу майыптар),  “Майыптар” идентификациялык белгиси коюлган жана каттоо документтеринде тиешелүү белгиси бар транспорт каражаттарынын ээлери төлөөдөн бошотулат.

Муниципалдык унаа токтоочу жайын атайын жол белгиси менен аныктай аласыз, операторлор “Бишкек унаа токтоочу жайлары” аталышындагы логотиби бар  кызгылт сары түстөгү жилет кийишет. Алардын жанында атайын төш белгилери жана төлөм мөөрлөрү менен купондору болот.