Бишкектин бир катар көчөлөрүндө 20-августта таза суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, мындай жагдай буйрутма аткаруучу компаниянын курулуш-монтаждоо иштерине байланыштуу болууда.
Борбор калаанын Сүйөркулов — Тыныстанов — Ахунбаев — "Ала-Арча" суусу — Медеров — Радищев — Л.Толстой — Ж.Пудовкин — Элебесов — Медеров — Ж.Пудовкин — Ахунбаев — Элебаев — Байтик-Баатыр көчөлөрү кесилишкен бөлүктө күндүзгү саат 09:00дөн кечки 21:00гө чейин таза суу жок болот.
"Ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Шаар тургундарын, мекеме-уюмдарды таза сууну эртерээк камдап алышын эскертебиз", - деп билдирет мэрия.
Мындай иш аракеттер суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болууда.