Бишкек шаарындагы Краснодонцев көчөсүн капиталдык оңдоо иштери башталды. Аталган көчөдө жол кыймылы убактылуу токтотулду.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, узундугу 1 чакырым жолдун асфальты толугу менен алмаштырылат. Жолдун 30 пайызына асфальт төшөлүп, оңдоо иштери улантылууда. «Объектиде «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын 30 кызматкери иштеп,15 бирдик жол-курулуш техникалары тартылды.
Белгилей кетсек, ондоо иштерин 22-августка чейин бүткөрүү пландалууда. Бул көчөдөн тышкары, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жалпы узундугу 5435,5 метрди түзгөн 13 көчөдө оңдоо иштерин жүргүзөт.