Жаңылыктар
Кышка карата камылга
Кыргызстан жаңылыктары
Кышка карата камылга

Пандемия маалында элди жылуулук менен камсыз кылуу маселеси унутта калган жок. Бишкек жылуулук борборунда ремонт иштери аяктап калды. Кампада бүгүнкү күнү 170 миң тонна көмүр бар. Кара алтынды камдоодо маселе жок болгону менен, Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү аз.

Бишкек жылуулук борборундагы буу казандарды оңдоп түзөө иштери өз нугунда жүрүп жатат. Жылуулук берүүдө кошумча түтүктөрдү жана агрегаттарды да бир сыйра кароодон өткөрүп, кышка камылга ала жаздан бери токтой элек. Бул максатта бир катар көлөмдүү жумуштар аткарылды жана шаардыктарга кышкысын электр жарыгы, жылуулук жана ысык суу үзгүлтүксүз берилет деп убада кылышууда.

Бишкек ТЭЦи жылуулук мезгилине даяр деп айтса болот. Ушул тапта жергиликтүү жана импорттук көмүрдү ташуу уланууда. Кара алтынга кошумча мазут жана газ менен камсыздоо боюнча да келишимдер түзүлгөн.


 "Кыргыз көмүр" ишканасы 700 миң тонна, көмүргө Таш-Көмүрдөн 600 миң тонна кара алтын алууга келишим түзүлдү. Ал эми сырттан 330 миң тонна көмүр алуу боюнча сынак жарыяланды. Ош ЖЭБине 20 миң тонна мазут алуу боюнча "Кыргызмунайгаз" компаниясы менен келишим түзүлдү.

Токтогул суу сактагычында суу быйыл былтыркыга караганда 2 млрд 400 млн кубга аз. Анткен менен эл жарыксыз, электр энергиясыз калбайт. Эгер кыйынчылык болуп баратса, сырттан дагы электр энергиясын алып келүүгө аракеттер болот.
Айжан Омолдошова, Элдияр Асанбаев, Алатоо 24((ЗА КАДРОМ)) Токтогул суу сактагычында суу быйыл былтыркыга караганда 2 млрд 400 млн кубга аз. Анткен менен эл жарыксыз, электр энергиясыз калбайт. Эгер кыйынчылык болуп баратса, сырттан дагы электр энергиясын алып келүүгө аракеттер болот.