Жаңылыктар
Ден соолук кадырын ооруган жан билет...
Кыргызстан жаңылыктары
Ден соолук кадырын ооруган жан билет...

Коронавирустан айыккандан кийин деле айрым бейтаптардын ден соолугу көп убакытта калыбына келиши мүмкүн. Ошондон улам дарыгерлердин сунушун так аткарып, маселен, дем алуу көнүгүүлөрүн жасап, диета кармануу сунушталат. Ошол эле учурда кандай нерселерге тыюу салынышы керек? 

Бишкек шаарынын 61 жаштагы тургуну Үмүткан Чокморова коронавирустан айыкты. Андан жугуштуу тумоонун жеңил түрү тастыкталып, 10 күн бою борбордогу ооруканалардын биринде дарыланган. Ооруканадан чыгып 14 күн үйдө обочолонуп жашаган. Бул аралыкта башкалар менен байланышты токтотуп, санитардык талаптар менен дарыгердин айткандарын так аткарып жатты. Ушул тапта да эрежени бекем сактап, тартипти катуу кармап калды. 

Коронавирустан айыгып чыккан бейтап ден соолугуна маани берип, дарыгерлердин сунушун жазбай аткарышы керек. Ошол эле учурда бейтап коомдук жайларга баруудан, чылым чегип же спирт ичимдигин ууртагандан алыс болушу абзел. Анткени, оор сыноодон өткөн организм калыбына келиши үчүн бир топ убакыт керек болот. 

Көпчүлүк учурда обочолонуу режимин сактап үйдө эле болгон жетиштүү. Мындайда бейтап оорунун кесепетин азыраак тартат. Маселен бет кап тагынып, антисептикалык каражат колдонулуп, коопсуздук аралыгы канчалык так сакталса адамга ошончолук жакшы. 

Ак халатчандардын айтымында, өлкөдө эпид кырдаал турукташып баратат. Бирок, жагдай жеңилдеди деп эле санитардык талаптарды аткарууну эстен чыгарбаш керек. Себеби, бир жолу ооруга чалдыккан адам экинчи ирет оорубайт деп эч бир адис кепилдик бере элек.