Жаңылыктар
Калкыбыздын саламаттыгы бардыгынан кымбат
Кыргызстан жаңылыктары
Калкыбыздын саламаттыгы бардыгынан кымбат

Кыргызстанда алгачкы жолу Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында ыкчам медициналык жардам көрсөткөн бөлүм ишке кирет. Курулушу толук бүткөрүлгөн имарат заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылды. Аталган бөлүм ишке кирсе, ооруканага кайрылган жарандар алгачкы медициналык жардамды бир жерден алып башташат. 

Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү бөлүмү Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын базасында курулду. 2 кабаттан турат. Бөлүм ишке берилери менен бейтаптарды кабыл алуу, тез жардам көрсөтүү жана ооруканага жайгаштыруу да ушул жерде жүргүзүлө баштайт. Башкача айтканда, медициналык биринчи жардамдын бардык түрү көрсөтүлөт. Анча чоң эмес операция дагы жасалат. Күнүнө 60-70 бейтапты кабыл алууга болот. 

Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү бөлүмү Германия өнүктүрүү банкы тарабынан грант катары бөлүнгөн 3 миллион еврого курулду. Каражаттын 1 миллион 700 миң евросу курулушка, калганы медициналык жабдыктарды сатып алууга жумшалган.

Ошондой эле облустук клиникалык ооруканада ушул тапта 100 орундуу оорукана имаратынын курулушу жүрүп жатат. Өткөн жылдын июнь айында башталган. Республикалык казынадан каржыланууда. Имарат бүткөрүлсө, бул жакка кулак-мурун, урология жана көз бөлүмдөрү көчүрүлөт. Каржы жагынан маселе болбой турса, курулуш жыл аягына чейин толук аягына чыгарылат. 

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы 22 бөлүмдөн турат. 575 орунга ылайыкташкан. Жыл сайын 27 миңден ашык бейтапты тейлейт. Кошумча жаңы бөлүмдөрдүн курулушу менен оорукананын базасы жакшырат. Бейтаптардын сапаттуу медициналык жардам алышына шарт түзүлөт.