Бишкекте милиция кызматкери ИИМди мыйзамсыз жумуштан кетиргендиги үчүн сотко берип утуп алды.
Бишкекте Криминалдык милиция кызматынын башчысы Мыктыбек Болушев Ички иштер министрлигине доо арыз менен кайрылды.
2020-жылдын 17-январында Ички иштер министрлигинин коллегиясында ал ишти начар уюштургандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулгандыгы көрсөтүлгөн. Андан кийин Болушев бөлүмгө доо арыз менен кайрылган.
Биринчи май райондук сотунда Мыктыбек Болушевдин арызын канааттандырган. Соттун чечими менен милиция кызматкеринин кызматтан кетиши мыйзамсыз деп табылды.
Буга чейин Ленин райондук Ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мадияр Кулуев Ички иштер министрлигине каршы доо арыз берген. Ал Өзгөчө кырдаал учурунда кызматынан бошотулган. Соттун чечими менен Кулуев кызмат ордуна кайрадан дайындалган.