Жаңылыктар
Кайрымдуулук фонду балдар үйлөрү үчүн кеңсе буюмдарын чогултат
Кыргызстан жаңылыктары
Кайрымдуулук фонду балдар үйлөрү үчүн кеңсе буюмдарын чогултат

Аталган акция төртүнчү жылы 1-сентябрдын алдында 10 балдар үйүнүн 500 баласына жардам берүү максатында өткөрүлүп келет.  

“Жаңы окуу жылы ар бир бала үчүн абдан маанилүү. Ата-энелер балдарын мектепке даярдап жаткандыгын түшүнүп жатабыз. Бирок, ата-энесиз калган балдар үйүндөгүлөр үчүн жагымсыз учур. Аларды ыңгайсыз жагдайга калтырбаш үчүн аталган иш-чараны уюштуруп жатабыз”- деди фонддун жетекчиси Игорь Беляев.

Фонд белгилегендей, жардам берүүнү каалагандар ноутбуктарды, күндөлүктөрдү, альбомдорду, түстүү калемдерди, калем саптарды жана башка кеңсе буюмдарын жардам катары бере алышат.