Өлкө аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 16-августта саат 22:27де өлкө аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жетти.
Жердин силкинүүсү Ош облусунун Өзгөн районунун Ийрек, Түз-Бел айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.