Жаңылыктар
Өлкө аймагында 18-19-август күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймагында 18-19-август күндөрү  аба ырайы кескин өзгөрүлөт

18-19-август күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз кызматы билдиргендей, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Ош, Баткен облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын абдан катуу жаашы күтүлөт. 

18-августта күндүз жана 19-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланып, айрым жерлерде мөндүр жаашы ыктымал. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт. Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.